Москвадагы өрт: Кыздарынан айрылган ар бир мекендешибизге 1 миллион рубль өлчөмүндө компенсация төлөнүшү мүмкүн

27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн каза болгондордун жакындарына 1 миллион рубль өлчөмүндө компенсация төлөнүшү мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары Федералдык кызматтын башчысынын орун басары Михаил Иванковго шилтеме берүү менен билдиришти.

Өрттө 17 адам каза таап, 4 адам жаракат алган. Алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнүн жараны экени аныкталган (аты-жөндөрү). Калган үчөө Орусиянын жарандары. Анда каза тапкандардын басымдуу бөлүгү 18 жаштан 25 жашка чейинки курактагы кыздар болгон. Алардын сөөктөрү 29-август күнү Кыргыз жерине алынып келинди.

Бул төлөмдү Орусиянын гана жарандары эмес, Кыргыз Республикасынын жарандары да алышы мүмкүн, эгерде алардын Орусиянын аймагында жумушка орношууда атайын уруксат алганы аныкталса. "Биздин алдыбыздагы тапшырма - тиешелүү документтерди карап чыгуу. 2 аптанын ичинде жыйынтык чыгарабыз", - дейт Иванков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zhykyo
2016-09-01 11:48:21
Берип коюшса жакшы болмок Россияга ишенем .Путин, Путин, Путиииин
+1
only_progress
2016-09-01 13:43:07
zhykyo, ошол компенсацияны ондуруш биздин элчиликтин, министрлердин,депутаттардын колунда. Ондуртуп бериш керек!
+3
KGstan1981
2016-09-01 12:07:57
Ошол бир милион рубль тууру ортомчусуз(мен айтканым биздин коррупционер бийлигибиз) ошол ортто каза болгон эже карындаштарыбыздын жакындарына берилсин.
+3
gorizont84
2016-09-01 12:11:20
Эгер довогвор жок болсо берилбейт.Окунучтуу биздин улан кыздарыбыз без договор иштешет.
+3
jalalabad93
2016-09-01 12:13:06
Акча менен ооз басырык кылып жатат эми
+2
Baian
2016-09-01 12:26:00
Договор менен эле иштешкен болуш керек .Берилсин эми ошо миллион сомдор.Биздин бечара окмот 50мин эле берип коюшту тобо...Тиги куткарууда жардам берген орус жигитке эмне ооз эки эле рахмат айтып коюштубу?Ага да Биздин мамлекет акчалай рахмат айтыш керек болчу.Марат Исаевди кандай раазы кылышты окендер
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан