II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда кыргыз-тажик, кыргыз-кытай, кыргыз-казак чек ара тилкелери катуу көзөмөлгө алынып, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасы жабык бойдон калат.
Айта кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Чолпон-Ата шаарында өтөт. Оюндардын программасына жалпысынан 23 спорт түрү кирген.