Бүгүн, 1-сентябрда өлкөбүздүн бардык аймагында жаңы окуу жылы башталды. 3 айлык эс алуудан кийин окуучулар билим алган мектебине чоң даярдык, толкундануу, сагынуу менен барышары талашсыз. Айрыкча бул күн алгачкы ирет мектеп босогосун аттаган кичинекей окуучулар үчүн кубанычтуу күн.
Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү белгилүү инсандар да бүгүн уул-кыздарын алгач ирет 1-класска жетелеп барышып, кубанычтуу кабары менен интернеттеги өздүк баракчаларына бөлүшүшкөн. Алардын арасында ырчылар Назми, Айжамал Кабылова, Кубаныч Сатаев, режиссёр Сүйүн Откеев, төкмө акын Азамат Болгонбаев жана башкалар бар.
"Кечээ Бишкек шаарындагы майрамдык концертке катыштым. Түнкүсүн учак жок болгондуктан, эртең менен саат 8:30да Ошко учуп келдим. Балдарымды мектепке өзүм алып бардым", - дейт Айжамал Кабылова.
Ал эми ырчы Назми да кызы менен кошо толкунданып мектепке барганын SUPER.KG`ге берген маегинде билдирген.
"Бардык ата-энелер сыяктуу эле кызым Айлинди мектепке даярдадык. Жалдагы жеке мектептердин бирине киргиздим. Эртең менен шаарды кыдыртып, гүлдесте белек кылдым. Андан соң апасы экөө мектепке кетишти", - деп билдирди Сүйүн Откеев.
Төкмө акын Азамат Болгонбаев уулу Осмонду Арашан айылындагы Стрельникова атындагы орто мектепке киргизген.
Кубаныч Сатаев: "Уулум "киргиз" эмес, чыныгы кыргыз болсун деп №5-кыргыз мектепке бердим", - дейт.