1-сентябрь. Шаңга толгон мектеп, кубанычка баткан окуучулар (фоторепортаж)

Шаңга толгон мектеп, кубанычка баткан окуучулар... Бүгүн Бишкек 1-сентябрь - Билим күнүн тосту. Келечектин ээлери болгон өспүрүм балдар кучак толо гүл көтөрүп 3 ай бою күткөн билим уясына бет алышты. Мектепке бараткан ар бир окуучунун жүзүнөн жылмаюу, сүйүнүчтүн белгилерин байкоого болот. Көпчүлүк окуучулардын катарында алгач ирет мектеп босогосун аттаган мотурайган 1-класстын окуучуларынын эсинде бул күн өмүр бою унутулгус болуп сакталып калары белгилүү. Анткени бул күн балалыктын эң бактылуу мүнөттөрү экени талашсыз.

Балдардын кубанычы менен тең бөлүшүп, окуучулардын маңдай жарыла сүйүнгөн бактылуу көз ирмемдерин коомчулукка чагылдыруу максатында Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №69-мектеп-гимназиясына сапар алдык.

Аталган мектепте быйыл 1-класска 380 окуучу кабыл алынары белгилүү болду. Ошондой эле 145 мугалим эмгектенсе, анын ичинде 35 мугалим - Билим берүүнүн отличниктери.

"Биз жаңы окуу жылына бардык күчүбүз менен даярдандык. Мектепти оңдоп-түзөө иштери толугу менен сапаттуу бүткөрүлдү. Алдыда балдардын билими үчүн жалпы мугалимдер күжүрмөндүүлүк менен иштейбиз, анткени бардык мугалимдер жаңы дем-күч менен билим беришет", - деп билдирди аталган мектептин директору Сайрагүл Атаева.

Токтогул Сатылганов атындагы мектепте эстрада ырчысы Назминин Албина аттуу кызы 1-класска барган. Ал алгачкы жолу мектепке келип, кубанып жатканын билдирди. "Эми мен жакшы окуймун. Жакшы кыздар менен дос болом. Мектеп аябай жакты", - деген оюн айтты ырчынын кызы Албина Жеңишова.

Алиппе китеби, биринчи мугалим, жаңы достору менен таанышкан окуучулар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rukopashnik
2016-09-01 12:55:45
Кандай ширин кездер,ээх мектеп убагы...
+9
ZANIA-92
2016-09-02 16:49:08
Эх мен дагы мындан онжети жыл мурун мектебимдин ак босогосун аттаган кунум эч эсимден кетпейт. Алтын апам мени атка учкаштырып алып, ал эми жаны торолгон ороо чулгоолу инимди колуна кармапалып алып барган эле. Азыр ошол менин кичинекей бобогом быйыл чон окуужайдын босогосун аттап олтурат. убакыттын бат эле отуп кеткенин кара.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан