Борбор калаада 31-августтан 1-сентябрга караган түнү, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөөдөн кийин "Ала-Тоо" аянтынан 55 метр куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда шаардык мэриядан билдиришти.
"1-сентябрга караган түнү "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери майрамдан кийинки көчөлөрдү тазалоого чыкты. Борбордук аянттан таштандыларды тазалоого "Тазалыктын" 100гө чукул жумушчусу, таштандыларды жүктөөгө атайын 8 унаа жана 3 жолдорду жуучу унаа тартылды", - деп айтылат маалыматта.