Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги президент Ислам Каримовдун эгемендүүлүктүн 25 жылдык мааракесине карата куттуктоосун расмий сайтына 31-августта жарыялады. Кайрылууну борбордук телеканалдар аркылуу диктор окуп берди. Буга чейин өлкөнүн расмий жалпыга маалымдоо каражаттары Каримовдун дарылануусуна бир нече убакыт керектигин жазып чыгышкан. Ал эми президенттин кызы Лола Каримова интернеттеги социалдык тармак аркылуу атасынын мээсине кан куюлгандыгын жазып чыккан. Азыркы учурда Каримовдун абалы туруктуу экени маалымдалып, анын өлүмү тууралуу чыккан маалыматтар четке кагылууда. Мамлекет башчы өзбекстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, чейрек кылымдын ичинде өлкө кандай жетишкендиктерге жеткенин белгилеп өткөн.
"Чын дилимден бардык жарандарды эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктайм. Өлкө көп кылымдык тарыхтын жаңы барагын ачуу менен тоталитардык түзүлүштү жоюп, эркин жана бакубат жашоо курууга шарт түзүлдү", - деп айтылат маалыматта. Каримов өлкө эркиндик алган жылдары кандай кыйынчылыктар болгонун эскерген.
"Өлкөдөгү абал заматта начарлап, оор кырдаалга кептелген. Мамлекет урап калуу жагдайына тушукканын элестетүү оңой эле болуп калган", - деген ал. Бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан, Өзбекстан бутуна туруп, өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилеп, бүгүнкү күндө Өзбекстандын алдында турган эң маанилүү тапшырмалардын бири өлкөнүн коопсуздугу менен терроризм, экстремизм жана баңгизатын жүгүртүү менен күрөшүү болуп эсептелерин өлкө башчы кошумчалаган.
Эске салсак, Өзбекстан Эгемендүүлүк күнүн 1-сентябрь күнү майрамдайт.