Чаткал районунун Ак-Таш айылында каражат маселеси чечилбегендиктен, мектептин курулушу токтоп турат

Чаткал районунун Ак-Таш айылында мектептин курулушу токтоп калды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда SUPER.KG порталына Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мурат Досматов билдирди.

"Ак-Таш айылында республикалык бюджеттен 125 орунга ылайыкташтырылып курулуп жаткан Кубат Усупбеков атындагы мектептин курулушу токтоп калды. Мындай маселенин жаралышына каражаттын жетишсиздиги себеп болууда. Учурда мектептин курулушу кайрадан башталыш үчүн тийиштүү кызматтарга кайрылуу жасадык. Каражат бөлүү маселесин чечип беришсе, жаз алды менен кайрадан иш улантылат", - деп билдирди Досматов.

Маалым болгондой, мектептин курулушу 2015-жылы башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан