Көчмөндөр оюндары учурунда 6 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту көзөмөлдөйт. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда ипподромго жана ага жакын жайларга бир нече посттор коюлуп иштей баштады. Ошондой эле унаа токтотуучу жайлардын уюштурулушу жана сапаты да көзөмөлгө алынууда. Көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга ички иштер органдарынын жалпысынан 6 миңден ашуун кызматкерлери тартылат. Ошондой эле Ички иштер министрлигине коомдук тартипти камсыз кылууга кошумча күч катарында Улуттук гвардиянын жана Мамлекеттик коргонуу комитетинин кызматкерлери жардамдашат.