Орусия Бразилиядагы оюндардан четтетилген паралимпиадачылары үчүн эки күндүк мелдештерди өткөргөнү жатат. Орусиянын Паралимпиада комитетинин башчысы Владимир Лукиндин айтымында, мелдештер 7-8-сентябрь күндөрү Москва облусунда болот. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Орусияда мамлекеттик допинг-программасы бар деп Эл аралык паралимпиада комитети орусиялык кураманы толугу менен мелдештерден четтеткен. Мындан мурда Спорттук арбитраждык соту ал иш боюнча апелляцияны четке каккан.
31-августта Швейцариянын Жогорку Соту тыюуну убактылуу алууну суранган Орусиянын Паралимпиада комитетинин өтүнүчүн аткаруудан баш тарткан. Чечимде комитет допингге каршы эрежелери боюнча бардык милдеттенмелерин аткарганын көрсөтө албаганы белгиленген.
Эске салсак, Риодогу Паралимпиада 7-сентябрдан 18-сентябрга чейин өтөт. Допинг чырынын жыйынтыгында жалпысынан дээрлик 120 спортчу Олимпиада мелдештеринен четтетилген.