Бүгүн Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган майрамдык салют атылбайт

Салт болуп калгандай, 1-сентябрда Алишер Навои атындагы Улуттук сейил бакта Ташкентте көз карандысыздыктын урматына салют атылчу. Быйыл Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган майрамдык салют башка күнү атыларын Ташкент шаардык акимчилигинин маалымат кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, футбол мелдешинен жана элдин сейилдөөсүнөн кийин жолдордо автоунаа тыгындарын болтурбоо максатында майрамдык фейерверк башка күнгө жылдырылды. Мындан тышкары ушундай чечим кабыл алууну коомчулуктун кеңири катмары, өзгөчө улуу муун өкүлдөрү жана аксакалдар суранышкан.

Маалымат үчүн: Ташкенттеги "Бунёдкор" стадионунда бүгүн, 1-сентябрда саат 20:00дө Өзбекстан менен Сириянын курама командалары Дүйнө чемпиондугу үчүн үчүнчү квалификациялык раундда беттешет. Оюнга 35 миңден ашуун күйөрман келери күтүлүүдө.

Майрамдык салют качан болору такталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
adimyrza
2016-09-01 15:20:21
Бабажаны олуп жатса кайдагы салют озбектерге жаман патхалин калк да булар ичтеринен олгону чын болсун деп жатышкандыр однадагы коментарилерди окуп тан калдым бабажан деп алышыптырго
+10
Nadyrbekkg
2016-09-01 15:24:33
adimyrza,Туура айтасын дада дегенине күлгүм келет
+5
Riokyrgyz
2016-09-01 16:07:04
adimyrza,салютту сактап жатышат ла.если что Каримов эметип кетсе аттырабыз деп.хехехе.буларга ишенип болбойт.
+3
sagyn01
2016-09-01 16:40:28
adimyrza, алты млн КЫРГЫЗЫМДЫН оюн жазыпсын.
+3
Dadasdasd
2016-09-01 15:33:24
Элестет Акаев атабыз деп журсок.
+1
aika2013
2016-09-01 15:42:29
Тообо, кулкумуштуу эле
0
meerimma84
2016-09-01 16:46:29
байкуштар олгон олгонуно да ишенишалбай жататда, жамандаштан коркушуп атышат кокус эметип кетсе деп.
+1
siyrat
2016-09-01 18:03:40
meerimma84,
0
Ak_TiLeK
2016-09-01 18:14:33
Кыргызстанга Эми коркунуч жаралат кенда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан