II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземине дүйнөгө таанымал жылдыздар катышат. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.
"8-сентябрда өтө турган жабылуу аземине Орусия, АКШ, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Франциядан келген дүйнөгө таанымал жылдыздар катышат. Алардын катарында ырчылар, бийчилер жана 80-жылдар аралыгында популярдуулукту багындырган топтор бар", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, оюндардын жабылуу аземине “Диско дуэт”, “А'Студио”, “Аюми”, “Город 312” топтору катышат. Мындан сырткары Казакстандын белгилүү тобу, “Turkvizyon-2013” сынагынын жеңүүчүсү - Азербайжан ырчысы Фарид Хасанов, “Turkvizyon-2014” сынагынын финалчысы - Түркиянын ырчысы Кылыч Фунда өнөрүн тартууламакчы.