Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясында өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турум эрежелери боюнча сабактар уюштурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сабактар 30-августтан тарта ӨКМнын Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучу курамы тарабынан өткөрүлүүдө.
"Бул иш-чаранын уюштуруу иштерине жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары (өрткө каршы кызматы, коомдук тартипти сактоо кызматы, медицина кызматы) тартылып, өз багыттары боюнча сабактарды өткөрүштү. Бул окууларга жалпы 53 угуучу, анын ичинде башкаруу курамынын өкүлдөрү катышты. Сабактар 2-сентябрга чейин Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту, Бостери, Семёнов айылдарында да өткөрүлмөкчү. Мындан сырткары өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турум эрежелери боюнча сабактарды жаңы курулган ипподром жана спорткомплексинин кызматчылары менен уюштуруу каралган", - деп айтылат маалыматта.