Ош шаарында 500 орундуу мектеп ачылса, өлкө боюнча 98 мектеп оңдоп-түзөөдөн өтүп ишке кирди

Ош шаарында 500 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мектеп Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин каржылоосу менен курулган. Курулуштун жалпы сметалык баасы 102 миллион 681 миң сомду, ал эми тендердик баасы 88 миллион 611 миң сомду түзгөн.

"Мектептин курулушу өткөн жылдын июнь айында башталган, жалпысынан 2,3 гектар жерди ээлейт. Ачылуу аземине Казакстандан да келген коноктор катышып, мектепке 550 бала кабыл алынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өлкө боюнча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн 98 мектеп ишке кирди. Толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн 98 мектеп 1-сентябрда окуучуларды кабыл алды.

"Мектептерди калыбына келтирүүдө айрымдарынын чатырлары алмаштырылса, айрымдарынын терезе-эшиктери, полдору заман талабына ылайык салынган. Ош облусунда 22 мектеп, Жалал-Абадда 15, Баткенде 5, Нарында 7, Таласта 5, Чүй облусунда 27, Ысык-Көлдө 11, ал эми Бишкек шаарында 6 мектеп толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tynara81
2016-09-01 17:10:46
Кайсы тилде окутулат экен сабактар, ушул мектепте. Орус тилинде бекен? Дегеним, өзбек окуучулар да көп экен го сүрөттө.
0
civic93
2016-09-01 19:38:51
tynara81, engilsh russian kyrgyz tilderinde
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан