АКШнын Атланта шаарынын 7 жаштагы Хлое Смит аттуу жашоочусу таштандылардын арасынан "Барселона-1992" Олимпиадасында берилген алтын медалды таап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кичинекей кыз атасы менен бара жатып таштандынын арасынан жылтыраган нерсеге көзү түшкөн. Кийинчерээк аныкталгандай, медаль спортчу Жо Жекобиге таандык болуп чыкты. Ал Олимпиада оюндарында Скотт Стросбо менен каноэ спорту боюнча жеңишке жетишкен. Алтын медаль ушул жылдын июнь айында уурулар спортчунун унаасын талкалап, баалуу буюмдарын алып кеткенден кийин жоголгон.
"Хлое Смиттин үй-бүлөсү спортчу менен байланышып, табылга тууралуу билдирген. Жекоби кызга ыраазычылыгын билдирүү үчүн 29-августта ал окуган мектепке барган. Ал эми сыйлык өзүнүн мыйзамдуу ээсине кайтарылган", - деп айтылат маалыматта.