Бишкек шаарынын Свердлов районунда мыйзамсыз күркөлөр алынып салынды

Бишкек шаарынын Свердлов районунда мыйзамсыз күркөлөр алынып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Шаардын көркүн бузуп жаткан Ибраимов, Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз соода күркөлөрү алынды. Жакынкы аралыкта Свердлов районунун аймагында дагы бир канча мыйзамсыз орнотулган күркөлөр алынып ташталат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, майда соода түйүндөрүн алуу иштерин Муниципалдык башкармалыгы Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте жүзөгө ашырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан