Москвадагы өрт. Юрий Лугвин: “Мени басмаканага элдик баатыр болуу үчүн чуркап барды деп жазгандар да болду

Москвадагы 14 кыз-келиндин өмүрүн алган өрт кырсыгында жабыркагандарды жөнөкөй жарандар сактоого аракет кылып, беш адамды куткаргандыгы тууралуу маалым болгон. Кыргыз жигиттери кыз-келиндерди сактоо үчүн бардык аракеттерин жумшашкан. Аларга орус улутундагы жөнөкөй жарандар адамдык бийик сапатын көргөзүп, куткарууга жардамдашышкан. Мына ошолордун бири 24 жаштагы Юрий Лугвин "Комсомольская правда" басылмасына маек берген. Анын Москвада жашаганына үч жыл болгон, өзү Курск облусунун Курчатов шаарынан болот. Ал өрт болуп жатканда бир кыздын жанын сактап калууга жардамдашкан.

Бир канча киши болуп өрт өчүрүүчүлөрдүн шатысын алып 3-кабатка чейин чыктык. Кулап бараткан кызды бир бала шымынан кармап тартып жаткан. Бирок кыз түшүп кетип, башы менен чатырга тийип, эсин жоготту. Биз аны көтөрүп барып өрт өчүрүүчүлөргө бердик”, - деген Юрий Лугвин.

Мени басмаканага элдик баатыр болуу үчүн чуркап барды деп жазгандар да болду. Көптөгөн ыплас сөздөрдү да жазышты. Бир күндө Орусия жана Кыргыз Республикасынын эли үчүн элдик баатыр болуп калуу максатым болгон эмес", - деп кошумчалады.

Бирге жанын аябастан куткарууга катышкан балдар жөнүндө мындай дейт: “Алар мага өз адамдардай эле сезилди. Тилекке каршы, алар менен таанышууга убакыт болгон жок. Мен бир сааттан кийин ал жактан кеттим, аларды көргөн жокмун. Кийин 17 киши каза болгонун уктум”. Ошондой эле азыркы учурда каржы жагынан кыйналып жатканын, бир аз бутка турганда өлкөбүзгө келүү ниети бар экенин айткан.

"Куткаруу учурунда коркуу сезими болдубу?" деген суроого: “Чынын айтсам, корктум, ким эле коркпосун? Эч кандай коргонуу каражаты жок, футболка менен оозумду жана мурдумду жаап алып жүрдүм. Баары түтүн. Арыраак барганда бир эшикке кирдим, кеңсе окшойт... Андан соң темир эшиктин алдына барып токтоп калдым. Бутум менен тепсем дагы ачылган жок. Ары жактан бирөө эшикти ачууга аракет кылганын туйдум. Бирок түшүнгөн жокмун, ал басмакананын кызматкери же ары жагынан кирген куткаруучулар экенин”, - деп жооп берген.

"Мен өзүмө карата "баатыр" деген сөздү колдонбойт элем. Эгер мен басмаканадагы өрттөн каза болгондордун жок дегенде жарымын куткарып калсам, ошондо өзүмдү баатыр сезмекмин", - деп жыйынтыктаган өз сөзүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
erlist
2016-09-01 20:58:24
Бирдеме жазсанар эле окмотко тийишип прездентке тийишмей адат таап алдынар го ортосуна кошо кетип ар кандай критикалап коро албастыгынарды качан токтотосунар деги...
-8
ofcourse
2016-09-01 21:28:38
erlist,tura aytasyn
-2
Arslan12
2016-09-01 21:40:03
ofcourse,Башчыбыз ошондой болуп атпайбы, эгемендуулукту куттуктап жатып эле башка эле нерсеге отуп кетип жатпайбы, эмне болсо да Юрага рахмат, жон эле адам мындай ишке барышы кыйын, башка улут деп басып кетмек!
+11
ais9
2016-09-01 21:22:18
Юрага чон рахмат!
+21
josholu
2016-09-01 21:33:33
Окмотко жаман сайылдынар го..рахмат сага Юрий элдер эмне десе ошо десин бокту жептир.
-1
ais9
2016-09-01 22:00:48
ХХХ ХХХ ХХХ Мына ошого карабай кандай мыкты, жаркыраган жигит.Улгу болчудай!Юрага ж-а аны тарбиялаган энесине дагы бир жолу Рахмат!!!
+24
admin_portal
2016-09-02 10:58:12
ais9, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, билдирүүнү калтырууга тыюу салынат!
-1
bahbrat
2016-09-01 23:29:18
Анда Юраны президент кылып алгыла
-30
mari20
2016-09-01 23:35:18
Бул жигиттин журналисттин "коркпой кантип тобокелдикке бардын?"деген суроосуно,ошол жерде адамдар орттонуп жатса, анан эмне камерага тартып турайынбы деген жообу адамдык мыкты сапатынан кабар берет
+34
gulzat85
2016-09-01 23:43:17
красавчик молодец!!!
+10
Istina1000
2016-09-02 01:13:19
Азамат, Юрий! Кылган жакшылыгынды кыргыз эли эч качан унутпайт. Бир кылым кийин да эскерет
+14
Kylym
2016-09-02 01:52:25
Чон рахмат...
+6
anar8672
2016-09-02 02:07:07
Чон рахмат бааоына
+6
Matilda
2016-09-02 02:20:44
Боорукер анан красавчик да экен!
+7
zarlyk2211
2016-09-02 02:52:59
Алла ыраазы болсун. Чоң рахмат!
+6
Nasyrkg
2016-09-02 06:52:46
Жаман эл болбойт деген ушу да.
+4
Gulnazi
2016-09-02 08:49:52
биздин кыргыз жигиттерге караганда жакшы маек бериптир, ушу кыргыздар майдачыл болуп баратабыз, ээ келгилечи озубузду ондойлу, бийлиги да, жепудаты да, текеси да, чупурогу да билгенин кылсын, кыргыз Эли аракет жасайлы, биримдикте бололу, 14кыз олгону дагы деле оюмдан кете элек. эн негизи тынчтык, аманчылык, ыйман, бакубат берекелуу жашоо болсун! нерв керек озубузго, нервтенбейли!
+4
Biinura
2016-09-02 08:56:13
Юра, тебе огромное и человеческое спасибо!
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан