Маалымат үчүн: Бүткүл дүйнөлүк ден соолукту коргоо уюму бул вирусту Aedes түркүмүндөгү чиркейлер алып жүрүшөрүн аныктаган. Бирок адамдан адамга жыныстык жол менен жуккан учурлар да белгилүү (аталган чиркей вирустуу Денге оорусун да таратат). Вирус биринчи жолу 1947-жылы Уганданын (Африка) Зика токоюндагы макак-резустарда (маймыл түрү) кездешкендиктен Зика аталышын алып калган. 2015-жылы Түштүк жана Борбордук Америкада активдүү жайыла баштаган.