Үңкүр-Тоодон 22-августта өзбектер кармап кеткен жарандар эмдигиче бошотулбай келишет. Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү улам өзбек бийлиги менен сүйлөшүүгө барганы менен, эч кандай жыйынтык чыккан жок. Кармалган кыргыз жарандарынын биринин кызы "атам ушинтип келбей калды" деп ыйласа, биринин апасынын кан басымы улам жогорулап, кайра-кайра ооруканага барып жатат.
"Апамдын кан басымы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип, улам дарыгерлерге барып жатабыз. Өзүмдүн абалым да жакшы эмес. 10 күндөн ашты, күйөөм дагы эле өлкөбүзгө кайтарыла элек. Акимчиликтен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтышууда. 29-августта бизден баргандар сүйлөшпөй эле, "майрамга байланыштуу сүйлөшө албай калдык" деп келишти. Жыйынтык жок. Эми кайра 2-сентябрда барышат экен. Ошону күтөлү деп жатабыз. Тажап кеттик күтө берип... Мунусунда болбосо, туугандар болуп чогулуп акимчиликке барып, жыйынтык чыгарууну талап кылабыз", - дейт өзбектер кармап кеткен кыргыз жараны Нурбек Усупбаевдин жубайы Гүлсия Дооронова.
Кечээ, 1-сентябрда Нурбек Усупбаевдин баласы 1-класска барды. Тилекке каршы, ал уулун жетелеп мектепке алып барып, анын мектеп босогосун аттаганын көргөн да жок. Гүлсия Дооронова эс тартып калган уулу атасын сурап, сагынып, ыйлап жатканын айтат.
"Уулум 1-класска барды. Атасын кайра-кайра "Качан келет?" деп сурай берет. Сагынгандан кээде ыйлайт. Экинчи балам 8 айлык. Атам каза болуп калган. Апам да минтип ооруп кыйналдык", - деди Дооронова.
Нурбек Усупбаев үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу. Бир үй-бүлөнү жалгыз адам кыйынчылык менен бага турганы анык. Эми минтип эки кичинекей балалуу үй-бүлө багуучусу жок күн өткөрүп жатат. Мындай үй-бүлөдөн учурда дагы үчөө бар экенин эске салсак.
"Нурбек жок, эптеп күн өтүп жатат. Эртерээк сүйлөшүп, чыгарып беришсе жакшы болмок. Башка кармалган кесиптештеринин үй-бүлөлөрү менен байланыша албай жатам. Алардын биринин үй-бүлөсү Бишкекке, Ак үйгө чейин барыптыр деп уктум. Биз ушул сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгын көрөлү деп турабыз", - дейт Дооронова.