ЖЫЛНААМА, 2-СЕНТЯБРЬ: Бразилиялык футболчу Алешандре Пато 27 жашка толду

Бразилиялык футболчу Алешандре Пато бүгүн, 2-сентябрда 27 жашка толду. Ал Бразилиянын Парана штатындагы Пату-Бранку шаарында төрөлгөн. Алешандре футбол менен 3 жашында таанышып, 4 жашынан тартып кичи футбол менен алектене баштаган.
Футболчу профессионалдык карьерасын 2005-жылы бразилиялык "Интернасьонал" клубунда баштаган. 2007-жылы италиялык "Милан" футболдук клубуна өтүп, футболчу үчүн клуб 22 миллион евро төлөнгөн. 2013-жылы ал арты-артынан алган жаракаттарынан улам Европадан кетүүгө мажбур болгон.
3 жыл аралыгында Пато бразилиялык "Коринтианс", "Сан-Паулу" клубдарында, андан соң лондондук "Челси" чакырып, жарым сезон ушул клубдун курамында ойноду. Учурда испаниялык "Вильярреал" клубунда ойноп жатат.
Футболчу Бразилия курамасы үчүн 2008-жылдан тарта 27 оюн өткөрүп, 10 гол жараткан. Футболчунун жаракаттардын курмандыгы болгону белгилүү. Мындан улам ал акыркы кездерде улуттук курамга да чакырылбай келет.
2-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан