Бүгүн, 2-сентябрда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүн окуясынын жүрүшүндө курман болгондорго мемориалдык эстелик ачылат. Иш-чарага мамлекеттик, коомдук ишмерлер, чыгармачыл инсандар катышууда.
Эстелик 2015-жылдын 18-ноябрындагы сынактын жыйынтыгында жеңүүчү аталган айкелчилер Сардарбек Ажиев, М.Огобаев жана архитектор Улан Бейшенбаевдин долбоорунун негизинде курулган. Үркүнгө арналган мемориалды курууга жалпысынан 5 ай убакыт кетип, 100дөй куруучу эмгектенген.