Кыргыз жерине дүйнөнүн атактуу актёру Стивен Сигал келди

Кыргыз жерине дүйнөнүн атактуу актёру Стивен Сигал келгендигин "Манас" аэропортунан билдиришти. "Менин оюмча, көчмөндөрдүн маданияты өтө маанилүү. Менин ата-бабаларым да көчмөн болгон. Ошондуктан Көчмөндөр оюндарына келүүнү чечтим. Эң башкысы, өлкө башчысынын чакыруусунан баш тарта алган жокмун", - деди актёр. Сигал өлкө президенти менен кезигүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын жашырган жок. "Мен президенттен сырткары Asian World Film Festival кинофестивалынын негиздөөчүсү, жакын санаалашым Садык Шер-Нияз менен жолугуп, Кыргыз Республикасындагы кино индустриясы тууралуу сүйлөшкүм келет", - деди Сигал.

Ал II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышат. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 3-8-сентябрында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
portugalia
2016-09-02 10:31:19
Кош келипсиз Стивен Сигал!
+21
Sagidko88
2016-09-02 10:36:59
Сонун гооооо
+15
rukopashnik
2016-09-02 10:41:30
Лукашенка жакшы сыйлады эле,АША бир жылкы союп ийсе ажеп эмес...
+15
nurik2012sham
2016-09-02 10:49:30
Стивен дагы 1-2 актер ээрчите келбейсинби брат
+9
ofcourse
2016-09-02 10:50:51
Welcome kyrgyzstan kosh keliniz kyrgyzstanga
+12
Altyshok
2016-09-02 12:45:56
Стивен дагы 1-2 актер ээрчите кетбейсинби Голливудка брат. Мисалы мени
+10
Artyr1994
2016-09-02 12:58:35
Бул актерго ЧУЧУК бериш керек коздору айтып турат чучук деп. Отконку чуудан кийин бул атайын эле келди жегени.
+12
argen.kg4
2016-09-02 14:51:27
Азамат Стивен бир айтса келиптир.Негизи дуйнолук киного чон салымын кошкон адам.Чыныгы патриотчулуктун жигитчиликтин символу.Дуейн Джонсон да чакырылды деп жатышкан келер бекен а?
+6
avtogrand
2016-09-02 19:12:30
Мен өзү угуп келген окшойт депмин көрсө чакырылган экенда
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан