"Айчүрөк" соода борборунун жанында тургузулган жылкыга минип алган жигит катуу сынга кабылды (фото)

Август айынын акыркы күндөрүндө Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы фонтан комплекси толугу менен оңдолуп, ишке берилген. Бул жайда тургузулган жылкылар көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп жатат. Көбү анын фонунда гана сүрөткө түшүү менен чектелип келсе, бул салтты бузган жигит сууну кечип өтүп, жылкыга минип алган. Бул кылыгы менен ал социалдык тармактардагы активдүү мекендештерибиздин кыжырын кайнатты.

Активисттер "тарбиясы жок адам кайда болбосун тарбиясыздыгын кылат", "акылсызга сөз жок", "негизи, кыргыздардын түбү индейлерби деп калам, бул жапайычылык, башка сөз жок", "койсуңар десе арданышат" деген пикирлерин жазышты.

Ошондой эле кыргыз эли көчмөн калк болгонун жана айрымдардын жылкы көргөндө кармана албай каларын тамаша иретинде жазгандар да болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
daniyar84
2016-09-02 11:21:11
Минсе минип суротко тушуптур эстелике.алып качып кетмек беле атты.эч жаман жери жок.озунун элинде озунун жеринде Эркин жургонго акысы бар.
-7
beka1207
2016-09-02 11:50:27
daniyar84,
Коомдук эреже деген бар го,ал эстелик минуу учун эмес шаардын кооздугу учун жасалган,элдин баары бир жолудан минип чыкса эки кундо сынып түшөр.
+11
Sharos3
2016-09-02 16:20:46
daniyar84,
Болушасынар.
Козунорго кандай корунуп атат,
неужели приятно?
+2
maks.kg.11
2016-09-02 11:30:06
Бул эстеликти минсин деп жасаган эмен да туугандар,бул бала да минерден алдын кичине ойлосо болбок.Бироосу мингенден кичин башкасыда минип баштайт эми.Эстелик жакшы чыгыптыр
+8
Asyl.jazi
2016-09-02 11:30:52
эмне болуптур минсе? бир жеринер тушуп калып жатабы? тарбиясы жок деп дароо эле тарбиясызга чыгарабыз да. эстеликке тушсо тушуптур
-3
Sharos3
2016-09-02 16:15:03
Asyl.jazi,
Тарбиясы жок учун миндида, тарбия коргон
адептуу бала биринчи ойлонуп иш кылат
0
barakcha
2016-09-02 11:56:14
Уят болот.Бир карын майды бир кумалак май чиритет болуптур бул жагы. Туш аттан,атандын жайлоосунда жургонсубой!!!(((
+7
karona12
2016-09-02 11:58:02
Бизге эч нерсе жарашпайт,акмактар көп да.
+3
Dadasdasd
2016-09-02 12:09:09
Атайын минип тушо турган ат жасап койсун.
-6
imanchik
2016-09-02 12:38:17
Озунор канча уят иш кыласынар биз билбейбиз)
-5
imanchik
2016-09-02 12:38:43
Адамдарды критиковать эткенди жакшы коросунор
-8
Rapas
2016-09-02 13:21:02
Атты минбей жанында тушкондода сындамакбыз.Ии ушунча суротко тушкон сон бир отоло минип эле тушбоптур деп ))))))))))
-9
Arlenchik
2016-09-02 13:21:50
Миниш учун эмес шаардын кооздугу учун коюлган,ар бир тургун келип эле мине берсе болмок беле,андыктан бул кылганы тарбиясыздыка жатат.
+9
Bazana
2016-09-02 14:11:03
Жигит ункур тоого жоногон атты минип озбектерге
+4
nurka_85
2016-09-02 15:16:58
Минсе эмне экен эми?
Ошол жерге жазып коюш керек болчу администрация минсе же сууга тушсо мынча сом штраф же обеькт корголуп турат ( охраняется) деп. Майрамда айылдан келгендер кайдан билишсин. коруп мингиси келди да.
Эскертуу жазып койбогондон кийин айып пул салалбайт.
-5
barakcha
2016-09-02 20:29:51
nurka_85,анда эч жерде эскертуу жазылбаптыр деп аянтка чыгып алып даараткана кылса болобу?Кичине маданияттуу болгонду качан уйронобуз?
+3
nurka_85
2016-09-03 08:50:47
barakcha,Мен мин деп мингищди дейсинби?
Элдин баары эле сендей акылдуу эмес да (коруп турганындай).
Тушунбогон, билбегендер учун эскертип жазуу соссуз керек.
-2
simone
2016-09-02 16:13:07
Жазбаса деле тушунуктуу да, коомдук жайларда кичине этиканы сактообуз зарыл!
+5
Mercedes202
2016-09-03 00:20:26
Жапайы неме да бул озу
+2
SHAHDAR
2016-09-03 07:25:39
Досторуна дагы мактанды да. Мен мооминтип миндим-деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан