Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын тик учагы конгонун SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди. Анын айтымында, тик учак бүгүн эртең менен Үңкүр-Тоого келип конуп, 5-10 мүнөттөн кийин кайра учуп кеткен. Ал эми өлкөдөгү айрым маалымат агенттиктери Үңкүр-Тоого эки тик учак конгонун жана бири кайра учуп кеткенин жазышууда.
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы, Аксы райондук ички иштер бөлүмү эч кандай маалымат берише элек.
Айта кетсек, 22-август күнү Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын тик учагы келип конуп, 7 милиция кызматкерин таштаган. Кийин Үңкүр-Тоодогу станциянын 4 кызматкери өзбекстандык милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, райондук Ички иштер бөлүмүнө алынып кеткенин Чек ара кызматы 24-августта билдирген.