"Борбор Азия жана Чыгыш Европага салыштырганда Кыргыз мамлекетинде энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү эң жогорку деңгээлде калууда". Бул тууралуу парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилеринин форумунун директору Мику Марумото менен жолугушууда айтканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Турсунбеков эне менен баланы коргоо, аймактарда репродуктивдүү саламаттыкты сактоо, жаштардын ден соолугу жана гендердик маселелер боюнча форумдун жүргүзүп жаткан иштеринин маанилүүлүгүнө токтолду. “Борбор Азия жана Чыгыш Европага салыштырганда Кыргыз мамлекетинде энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү эң жогорку бойдон калууда. Энелер менен балдардын турмуш шартын жакшыртуу максатында парламент тарабынан “КРнын жарандарынын саламаттыгын сактоо тууралуу”, “Эмчек эмген балдарды коргоо, азык-түлүктөр маркетингин жөнгө салуу жана балдарга жасалма тамак берүү үчүн каражаттар жөнүндө”, “Нан унун байытуу" тууралуу мыйзамдар, ошондой эле “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзам да кабыл алынган”, - деди төрага.
Өз кезегинде Марамуто Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилеринин форуму Кыргыз мамлекетине 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн билдирди.
Мика Марумото калкты жайгаштырууну өнүктүрүү милдеттерин ишке ашыруудагы парламентчилердин ролун, ошондой эле өкмөттүк органдардын өкүлдөрүнүн эл аралык уюмдар жана бейөкмөт бирикмелер менен сектор аралык кызматташтыгына басым жасоо керек экенин белгиледи.
Соңунда Кыргыз мамлекети аталган форумдун активдүү мүчөсү экени, мындан аркы кызматташтык мамилелери жаңы баскычка чыгары айтылды.