СУПЕРСТАН: "Эжем үйдө, менин жанымда отуруп эле төрөп койгон"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өзүнүн төрөтүн өзү кабыл алган аялзаты" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:

"Көл өрөөнүнүн бир айылында кычыраган кыш мезгилинде жакынкы эле жылдарда болуптур, бир аялдын боюнда бар, төрөй турган мезгили келип калыптыр. Анын буга чейин да балдары бар болгондуктан, төрөткө керектүүлөрүн камдап койгон экен. Толгоосу бороондуу күнү кечинде башталып, күйөөсү унаа айдатканы саат ондо чыгып кетет. Керектүүлөрүнүн баарын камдап коюп күтө берет. Төрөт кандай азап экенин төрөгөн айымдардын баары жакшы түшүнөбүз. Толгоосу улам катуулай берет. Ошого карабай суу жылытып, тезек-отунду алып кирет. Төрөөрүнө аз калганын сезип, балдарын коркуп калышпасын деп уктатат. Отту күчтөп жагып, арак, лезвие, ороо-чулгоосун даярдап, төрөгөнгө киришет. Ошентип, баласын аман-эсен төрөп киндигин кесип, баланы жуунтуп, өзү жуунуп, баланы жаткырып коюп, чайды шарактатып кайнатып, тамагын ысытып отурса күйөөсү кирет. "Ай, бол чыга кал" деп чуркап чыгып кайра 5 мүнөттөн кийин кирип "болбойсуңбу, унаа тоңуп калып араң от алдырып келдик, өчүрсө от албай калат" деп шашкалактайт. "Кел, чай ичкиле, мен төрөдүм" десе, "болчу, эй, тамашалачу убак тапкансыбай" дейт күйөөсү. Ошол маалда төшөктө ыңаалап жаткан баласын күйөөсүнө көрсөтүп ишендирет. Досун ээрчитип кирип, аялынын жоругуна бир күлүп, бир таңыркап, жентек ичишип, бороон басылганда төрөт үйүнө текшерилгени барып келишиптир. Азамат эже экен, өзүн колго алып, төрөп алып баланы жуунтуп, чай даярдап отуруптур. Биз төрөп алып эмчи айым жетелесе да араң басып палатага жетебиз".

Ачылган темага калтырылган билдирүүлөр:

"Үйдөн, талаадан бирөөнүн жардамы менен төрөгөндөрдү угуп жүрөм. Бирок өзү жалгыз төрөп, тамак жасап отургандарды укпаптырмын".

"Менин бир таажеңем төрт баласын тең үйүнөн төрөгөн. Таенем келинин өзү төрөткөн. Үйдөн төрөгөн аялдарды көп эле угуп жүрөм".

"Илгерки заманда мындай окуялар далай ирет болгон".

"Менин бир эжем үйдө, менин жанымда отуруп эле төрөп койгон. Мен анда кичинекей кыз болчумун. Баласын колуна алып отура берген, киндикти кошуна аял келип кесип берген. "Тез жардам" кызматкерлери төрөгөндөн кийин келип алып кетишкен. Кийин баласы аябай тың болуп чыкты".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
take220281
2016-09-02 12:37:49
Апаларга аял затына чоңдон чоң рахмат!!!
+4
take220281
2016-09-02 12:40:24
Аял затын мактаганга себеп миң.
Аял эне, энелерге жетет ким?!
Аялдарды мактай бербе көп дешет.
Мактай берем! анткени мен эркекмин.
+12
arzygulR
2016-09-02 14:28:02
take220281,сиздейлер кооп болсунда
+1
take220281
2016-09-02 12:41:26
Аялдардан мактоолорду кызганба.
Бул өмүрдүн керемети кыздар да!
Аял заты чөкпөш керек эч качан.
Бул дүйнөдө эркек аттуу биз барда!

Эркек эмне, же акылдуу же күчтүү.
Акылсызы эркектердин кейиштүү.
Эркектериң муктаж эмес мактоого.
Эркектерге эркек болуу жетиштүү!
фейсбуктан алынды
+7
Artyr1994
2016-09-02 13:02:24
Азыркы кыздар ото назик олумуш кыйтыр болуп калыптыр да анда э....
+3
Bonia9189
2016-09-02 13:18:39
Биз деле женемди апам экообуз эле торотконбуз, апам коркуп ыйлап алган мен болсо коркпойт элем жаш экенминда 11 класс элем,ал эч нерсе эмес ал убакта 00:00ден откондо светти очуруп салышчу элего чырак менен торотконбуз,торогондон кийин врачтар келген ошентип мен киндик эне болгом.
+4
Biinura
2016-09-03 01:43:12
Bonia9189,молодца! Бактылуу бол!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан