1916-жылдагы Үркүндө курман болгондордун элесине арналган мемориалдык эстелик ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 2-сентябрда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондордун элесине арналган мемориалдык эстелик ачылды. Иш-чарага мамлекеттик, коомдук ишмерлер, чыгармачыл инсандар катышышты.

Эстелик 2015-жылдын 18-ноябрындагы сынактын жыйынтыгында жеңүүчү аталган айкелчилер Сардарбек Ажиев, Марат Огобаев жана архитектор Улан Бейшенбаевдин долбоорунун негизинде курулган. Аны курууга жалпысынан 5 ай убакыт кетип, 100дөй куруучу эмгектенген.

Эстелик-мемориал бир нече элементтен турат.

Борбордук композициясында кызыл гранит менен капталып, ууктарды элестеткен үч чулу массивде 21 метр бийиктикте түндүк орнотулган. Түндүк Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык идеясын чагылдырып турат. Ал эми үзөңгүлөр ылдыйдан өйдө түндүккө карай кеткен. Көчмөн кыргыз элинде ээр токумсуз, бош үзөңгү - жоготуунун, трагедиянын символу. Бул кыргыз элинин ошол 1916-жылдагы абалын таамай чагылдырат. Курман болгондор элинин эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн өмүрүн сайгандар. Бул идея 1991-жылы Кыргыз Республикасы болуп түзүлгөндөн кийин ишке ашты. Боз үйдүн түндүгүнө карай кеткен үзөңгүлөр көз карандысыздыкка карай кеткен жолдун элесин берген.

Ошондой эле мемориалда "1916" деген дата түшүрүлүп, бир тарабында таасирдүү ыр саптары жазылган:

"Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз,

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз.

Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

Булуттай аалам кездик, чачылдык биз.

Кырылып бара жатып тирилдик биз,

Бөлүнүп бара жатып бириктик биз".

Үркүн: Кыздарын бир табак унга сатып, балдарын кул кылган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jakilik
2016-09-02 14:15:48
Кытайлык кыргыздарын ыр саптары экен
0
Мэри
2016-09-02 14:36:03
Айкелчилер жакшы эмгек жасашыптыр. Үркүнгө менин чоң энем да катышкан,көп нерселерди айтып берген... Эркиндикти, эгемендикти баалап, баркына жетсек...
+3
Belek2070
2016-09-02 15:38:20
Очпос оттун жанындагыга окшошуп калыптыр, башкача кылып жасаганда болмок.
-3
ruffo90
2016-09-02 17:20:15
Belek2070, ушул сен бардык жанылыктын алдына негатив комментарий жазат экенсин. Озун аябай идеалдуу адам окшойсун?
+2
Kroxa
2016-09-03 08:25:40
Откондорду эскеруу онгондуктутун белгиси,,откондорду унутуу олгондуктун белгиси,,молодцы жакшы болгон,кыйын кезди чагылдырган эстелик болуптур..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан