II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Тез жардам" кызматынын 20 унаасы, 28 бригада иш алып барат

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Тез жардам" кызматынын 20 унаасы, 28 бригада иш алып барат. Бул тууралуу катчылыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, медициналык кызматтар спорттук жана маданий иш-чаралар өткөрүлгөн жайларда көрсөтүлөт. Андан тышкары Бишкек менен Чолпон-Атаны байланыштырган жолдо да атайын посттор коюлмакчы. Тактап айтканда, посттор "Манас" аэропортунда, Кант, Токмок шаарларынын айланып өтүүчү жолунда, Боом капчыгайында, Балыкчы шаарында, "Тамчы" аэропортунда, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жана Кырчын жайлоосунда болот.

Кошумчалай кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-сентябрда башталып, 8-сентябрда жыйынтыкталат. Спорттук иш-чаралар Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда орун алса, маданий иш-чаралар Кырчын жайлоосунда болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан