Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков учурда Өзбекстанга барууга даярданып жатканын "АКИпресс" сайты өздүк булактарына таянып жазып чыкты. Буга чейин Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары өлкө башчысы Ислам Каримовдун каза болгонун жана Самаркандда аны жерге берүүгө даярдык жүрүп жатканын жазышкан.
Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга бара тургандыгы тууралуу азырынча маалымат бере элек.