Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кытайга болгон иш сапарын токтотуп, 3-сентябрда Өзбекстанга барууга камынып жатканын казакстандык ММКлар жеке булактарына таянып жазышты. Назарбаевдин мындай күтүүсүз сапарынын себеби азырынча белгисиз. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун да Өзбекстанга бара тургандыгы айтылган. Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгуловдун SUPER.KG'ге билдиришинче, Жээнбековдун сапары азырынча белгисиз.
"Фергана" басылмасы өлкө башчысы Ислам Каримовдун 29-августта каза болгондугун жана Самаркандда аны жерге берүүгө даярдык жүрүп жатканын жазышкан. Бирок Каримовдун каза болгону боюнча маалыматтар азырынча расмий тактала элек.