SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жеңелер, тойлор башталды" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Кайнежебиз кызын турмушка берип калды, 2 ай мурун. Улуу абысыным менен мени жеӊе болгула деп калды. Күйөөм аны угары менен "башка жеӊелер толтура, ошолордон койгула" деди. Кайнежем жини келип, "Сенде эле аял бар бекен, жаш, баарын көрүш керек. Болот дедимби, болот" деп мени жеӊе кылып койду. Той болуп жатканда, күйөө жолдоштору мени аяшынын досу экен деп ойлоп алышыптыр. Мен жеӊесимин десем да ишенишпейт, күйөө жолдоштор бийге тарта берип мага тапшырылган ролду деле аткарган жокмун. Кайненем келип "менин келиним жаш экен, кыйнап салдыӊар" деп улуу жеӊебизди коюп, мени жолдошум алып кетип калган".
"Кайнимдин тоюнда жаш жеӊе болуп чыга калсам, турмушка чыкканга чейин артымдан чуркап жүргөн бир бала досу экен. Көргөндө тааныш учурады, ал да үйлөнүптүр, сыр бербейт. Той бүткөндө гана ким экенин эстегенмин".
"Кайын сиӊдим жеӊе кылам деп айтып калат. "Мен жашмын, эч нерсе билбейм" десем деле болбойт. Биринчи жолу жеӊе болгон күлкүлүү, эсте каларлык болсо керек".
"Улуу жеӊебиз кайнежеме жеӊе болуп чыкты. Чачы жасалган эмес, көйнөгү жөнөкөй, тойдо кызмат кылган боюнча бети кызарып, чачы уйпаланып чыккан. Таякебиз "жасанбай чык" деген буйрук берген экен. Жаштар менен коштоп жүргөндө күйөөсү 100 жолу телефон чалыптыр. Жеӊем байкуш укпай калган экен, үйгө келгенде көзгө бериптир".
"Тойдо жеңенин ролун аткаруу кыйын экен. Жаш болгонгобу же биринчи жолу болгонгобу, айтор, түйшүктүү жоопкерчилик экенине ынандым. Күйөө балдар деген бир калк болот экен. Же сөз бербейт, же айтканга көнбөйт. Тойдон кийин бала жактан жеӊе болсо жакшы окшойт деп ойлоп калдым. Менде бир кызыктуу окуя болду. Күйөө балдардын колдоруна суу куюп жаткам. Арасынан бирөөсүнүн тили буудай кууруйт экен. Ошонун колуна суу куюп жатсам, капысынан шымына төгүлүп кетти. "Ой, жеӊе, эмне кылганыӊыз? Үтүктөп, кургатып бересиз. Караӊызчы шымын булгап алган адамга окшоп калдым" дейт да. Анан мен "эч нерсе болбойт, салкын жүрөсүӊ" деп тамашалап койдум. Достору шылдыңдап, анысы аз келгенсип камера да ошол жерин тартып алды. "Шашпаӊыз, жеңе" деп калган. Кийит кийгизерде мен бала жакка тургам. Ошол досу келип, акчаны шымынын ичине салып "жеӊе, эми алып алыӊыз" десе болобу. "Досуӊдун бюджетине кетти ал акчаӊ" деп күлгөм. Экинчи жеӊе болуп чыкпайм деп үйгө келгем".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.