Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 3-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарына бара турганын 2-сентябрда чет элдик ММКлар жазышты. "Uzmetronom.com" сайтынын маалыматында: "Путин Кытайда өтчү G20 саммитине катышуу үчүн бараткан сапарында Өзбекстанга токтойт. Ал эми Жон Керри дагы Индияда жүргөн сапарынан кыска убакытка Өзбекстанга барат", - деп айтылат.
Буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга бара турганы жазылган.
"Фергана" басылмасы өлкө башчысы Ислам Каримовдун 29-августта каза болгондугун жана Самаркандда аны жерге берүүгө даярдык жүрүп жатканын жазышкан. Бирок Каримовдун каза болгону боюнча маалыматтар азырынча расмий тактала элек.