SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар нике түндү кандай өткөрүүнү каалашат?" деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:
"Мен жакында үйлөнөм, мага кеӊештериӊерди берсеӊер жакшы болот эле. Бала эмне кылышы керек, кыз эмне кылат?"
Ачылган темага калтырылган билдирүүлөр:
"Сыйлоо сезими, сүйүү сезими, бири-бирин түшүнө билүү сезимдери болушу керек".
"Көпчүлүк кыздардын баштарында турмушка чыгар алдында нике түн деген түшүнүк ойносо керек. Бул түндү өткөрүү боюнча кыздардын да ою болсо керек. Ошол ойлордон бөлүшсөңөр, кыздар. Балким, силердин оюӊар эртең үйлөнө турган эки жаштын нике түнүн өзгөчө кылганга жардам берип калар".
"Мага нике түндү көшөгө артынан өткөрүү салтыбыз жакпайт. Ошол биринчи түнүн романтикалуу кылып өткөрсө болот го".
"Сүйгөн адам менен нике түнүндө болуу арзышкан ар бир эки жаштын кыялы болсо керек. Бул түн эки жүрөктүн кошулган күнү! Экөөнүн теӊ жүрөгү дүкүлдөп, орун таппай турган учур. Ошондо бала эрдик кылып, сүйгөнүнүн жүрөгүнө тынчтык алып келиши керек. Сүйүү сөздөрүн айтып, кааласа таттуу шоколаддан берип дегендей".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.