Аскер прокуратурасы аскердик кызмат өтөөдөн качкандардын мунапыс алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин жарыялады

Баткенде аскердик кызмат өтөөдөн качкан 5 жаран үчүн мунапыс жарыяланды. Бул тууралуу Баткен гарнизонунун аскер прокурору Жанар Мырзаканов билдирди.

"Аскер бөлүгүн же кызмат ордун өзү билип таштап кеткен аскер кызматчыларына, учурда издөөдө жүргөндөргө кылмыш-жаза жоопкерчилигинен кутулууга жана мунапыс актысын колдонууга мүмкүнчүлүк бар. 2016-жылдын 9-августунда "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жарыялоо жөнүндө" КРнын мыйзамы ишке кирди. Мыйзамга ылайык, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренеси (аскер бөлүгүн же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү), 360-берененин 1-бөлүгү (аскерден качуу) боюнча кылмыш жасагандар 3 айдын ичинде, ушул жылдын 9-августунан 9-ноябрына чейин кызмат ордуна же КРнын Аскер прокуратурасына келишсе, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Учурда аскердик кызмат өтөөдөн качкан 5 жаран үчүн мунапыс жарыяланды. Алар: Радмир Абаев, Станислав Борисов, Ильязбек Халилов, Абдурахим уулу Рахманалы, Дильшод Абаров", - дейт Ж.Мырзаканов.

Анын айтымында, аскер кызматчылары ыктыярдуу түрдө аскер кызматын өтөгөн жерине жана Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына келип, мунапыс актысын колдонуп, андан ары кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошоно алышат.

Ал эми Бишкек гарнизонунун аскер прокурору, юстиция майору Эдилбек Стакеев билдиргендей, Баткен облусунан тышкары Ош, Жалал-Абад жана Балыкчы аскер прокуратураларына да кайрылса болот.

  • Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы – Баткен облусу, Кадамжай шаары, Киров көчөсү, 30;
  • Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы – Ош шаары, Петров көчөсү, 33;
  • Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы – Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү, 26;
  • Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы – Балыкчы шаары, Кыргызстанга 40 жыл көчөсү, 168.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
chyngyz-40
2016-09-02 20:18:41
качса жазасын алышсын мен канча кыргыздарды кордум качып кайта келишкен бирок жазасы каттуу болгон булар жалан туугандар экен неге мыйзам баарына бирдей эмес жаман тойгузду бул жеп жутарлар акча десен эч ким жок болсо башк жагын да сатып ирет эркектик наамыс калбады
+4
anyshka
2016-09-02 21:03:30
Биздин чондор кыймылдагыча озбектер тиги биздин 4 жараныбызды эмне кылып атты болдукен. Ажобуз деле эчнерсе менен иши жоктой жыргаап журот тообаа
+7
erlist
2016-09-08 03:00:40
anyshka,ошон учун биз да кочмондор оюнуна келген озбектерди баарып камап алыш керек обмен кылыш керек анан какой привет такой ответ болду жалдрап буттук чыгарса чыгармак эчак биякта бир политика бар жерди алгантат озбектер чондор просто элге айтпай атат аны
0
Talantmarsel
2016-09-02 22:27:43
Борборду ошко көчүрүш керек ошондо иш кылышат депутаттар
+4
Kuyoo_bala
2016-09-03 09:54:56
Качкандардын баары некиргиз(нерусский д.с) экен
0
bektemiroff994
2016-09-08 03:25:30
Кытайдын президенти 2 млрд адамды кыңк эттирбей жакшына башкарып,онуктуруп эле келатат,биздин бийлик болгону 6 млн элбиз,ошолорду да чыркыратып жатат,олко,жер,суу,токой,жайлоо,кен байлык баары кыргыздыкы го,кантип өз байлыктарын болбогон кагазга алмаштырып жатышат билбейм,только оздорун ойлошот,жакшы иш кылышса анан эл мактайт,котормолойт !
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан