ЖЫЛНААМА, 2-СЕНТЯБРЬ: Балет бийчиси, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаев каза болгон

Мындан 14 жыл мурун, 2002-жылы 2-сентябрда балет бийчиси, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаев жол кырсыгынан каза болгон.

Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында туулган. 1959-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик музыкалык жана хореографиялык окуу жайына тапшырып, аны 1967-жылы бүтүргөн. 1966-1993-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти, кийин башкы директору, ал эми 1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият министри, 1996-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары, ошол эле учурда 1987-жылдан баштап Кыргыз өлкөсүндөгү Театр ишмерлер союзунун президенти болуп иштеген.
Базарбаев улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген. Чолпонбек Базарбаев Кыргызстан Ленин комсомолу (1977), Эл аралык “Мин Ои” (Япония, 1995), Эл аралык Ч.Айтматов атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.
2-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан