II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга 300дөн ашуун журналист Чолпон-Ата шаарына жөнөп кетти

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга 300дөн ашуун журналист Чолпон-Ата шаарына жөнөп кетти.

"Оюндарды чагылдыруу үчүн жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынан 90 компания катталган. Ал эми чет элдик компаниялардан 60ы катталды. Жалпы журналисттердин саны 300дөн ашуун. Журналисттердин саны дагы көбөйүшү мүмкүн", - деп билдирди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы.

Маалым болгондой, Тажикстан, Казакстан, Кытай, Түркия, Орусия, АКШ, Грузия, Англия, Франция сыяктуу 40 өлкөнүн телерадио, гезит басылмаларынын журналисттери келишкен. Журналисттер 18 кичи автобус менен Чолпон-Атаны көздөй сапарга чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Kimbar
2016-09-03 09:37:49
Силерден жагымдуу кабар кутуп кала беребиз
+2
frunze777
2016-09-03 09:40:45
Ушулардын баарын Аксыга, Ункур-Тоого жоготсок кандай болоор эле дейм да....
+12
ruffo90
2016-09-03 10:24:20
frunze777, ошончолук эле акылдуу болсон бар озун. Эмне отурасын?
-10
arlekino
2016-09-03 09:59:37
Ой эл аралык денгээлде отуп аткан иш чарага ашып кетсе 6 кун болот экен. Сабырдуу болуп тура турсанар боло. Чечилбеген иш жок баардыгы чечилет. Колдоо ордунда кейип кепчип эле турасынар. Бул эмне деген жорук деги. Же кыргыздар жаман жагынан атагы чыгып тураарын каалайсынарбы. Кудай сактасын тынчылык болсун. Олумдон башкасын баарын женсе болот. Кочмондор оюну жакшы отуп кетсин. Тобооо
+11
aikol87
2016-09-03 10:00:02
Жакшы откоруп алышсын,
0
Nazikbaigazy
2016-09-03 10:26:16
Аябай жогорку денгээлде отуп жаткан окшойт, чет элден келген конокторду Жакшы меймандап узаткыла, аябай коп чет елдиктер келишиптир Рахмат,
+3
travma
2016-09-03 10:40:25
Алга Кыргызстан
+2
Beksultan-007
2016-09-03 11:28:41
Президентибиз кочмондор оюнуна катышкандан Коро самаркандка барып каримовдун жаназасына барганы 100 эсе жакшы болмок.уят эле озбекистан мн мамилени ондоштун ордуна майрамдап журот. Бир кун эчнерсени чечпейт эле путип Назарбаев барыпижаткандан кийин жон эле барып коюш керек эле. Кек сакташтын эч кандай пайдасы жок.
+6
Dadasdasd
2016-09-03 11:39:34
Beksultan-007,орус казактар деле примерин жибермей болуптур.
0
Adilet_adi
2016-09-03 11:45:21
Beksultan-007,Узбекистан менен маамиле тузгондон бизге эмне пайда? Чек араны бут жаабып салыш керек
-4
Beksultan-007
2016-09-03 12:25:29
Кошунанда тынчтык болбосо бизде да жыргал жашоо болбойт.
+10
Angel92
2016-09-03 12:57:46
Ачылышы саат канчада болот?Матч твдан туз алып берет деди эле,корбой калбайын
-2
lolo.1
2016-09-03 14:41:43
Ийгилик Кыргызстандыктар силерге.интернеттен прямой корсок болоор бекен?ким билет айтып койгулачы
-2
adyl.por
2016-09-03 16:27:39
калыстар туура бааласын кыргыздарга өзүбүздүкүлөргө тарта бербей
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан