Бишкекте ынак коңшулукка арналган граффити дубалы пайда болду

Кечээ, 2-сентябрда Бишкекте BASICOLORS арт-тобу тарабынан тартылган үчүнчү граффити дубалы пайда болду. Ал "Мен Бишкекти сүйөм!" арт-долбоорунун алкагында 6-кичи райондогу 17-үйдүн дубалына тартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Долбоордун максаты - жаштардын кол өнөрчүлүгү менен искусство жана маданият аркылуу Бишкектеги коомчулук мейкиндигин кеңейтүү. Стрит-арт долбоору Борбор Азия аймагында алгачкы жолу уюштурулуп жатат. "Мен Бишкекти сүйөм!" арт-долбоорунун 3-граффитиси ынак коңшулукка арналат. Бул теманы үйдүн жашоочулары сунушташкан. Сүрөтчүлөр шаар тургундарына ынак коңшулуктун маанилүүлүгүн эскертүү иретинде тартышты", - деп айтылат маалыматта.

Сүрөттү 6 сүрөтчү тартканы маалым болду. Долбоордун алкагында шаар тургундары жашаган үйүнүн бетине өздөрү ойлогондой сүрөт тарттыра алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mekuza92
2016-09-03 10:59:54
Сонун болуптур
+1
alibekova94
2016-09-03 13:38:56
Бул суротту коргондо Европадагыдай жаштар жашыруун тартып кетишкенго деп ойлопмун)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан