Ала-Бука районунун жергиликтүү тургундарынын айтымында, Өзбекстандын "Касансай" өткөрүү пунктуна 6 өзбек танкы келген. Бул тууралуу Чек ара кызматы SUPER.KG порталына ал жакта аскердик машыгуулар болуп жатканын билдирди.
"Өзбекстан буга чейин Ала-Бука районунун Баймак айылынын тушунда, өздөрүнүн аймагында аскердик окуу, машыгууларын өткөрөрүн бизге алдын ала маалымдаган. Бул катардагы эле аскердик машыгуу. Андай машыгуулар болуп турат, анын эч кандай коркунучу жок жана кооптонууга негиз жок. Бизде деле андай машыгуулар 2-3 күнгө созулуп болуп турат. Анда биз дагы коңшу өлкөлөргө эскертип турабыз", - деди Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.
Машыгуулар канча күнгө созулары такталып жатканын кошумчалашты басма сөз кызматынан.