Мындан 101 жыл мурун, 1915-жылы 3-сентябрда обончу, акын Жумамүдүн Шералиев Ат-Башы өрөөнүнүн Туюк-Богошту айылында туулган. Ат-Башы райондук комитетинде, филармонияда солист, Республикалык радио уктуруу комитетинде редактор, Нарын шаарындагы Маданият үйүндө көркөм жетекчи, Нарын музыкалык драма театрынын музыка бөлүмүндө башчы болуп эмгектенген.
Ж.Шералиев 500дөн ашуун ар кыл жанрдагы ырларга обон жараткан. Белгилүүлөрү: "Бактылуу жаштык", "Кыргызстан", "Нарын вальсы", "Жибек чач", "Жаш чабан", "Сулуу кыз" жана башкалар. 1973-жылы Жумамүдүн Шералиевге "Кыргыз Эл артисти" наамы ыйгарылып, Ардак белгиси ордени жана башка медалдар менен сыйланган. Атактуу обончу жөнүндө китеп да жазылган.