Сооронбай Жээнбеков Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Самаркандга барды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков башында турган Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы бүгүн, 3-сентябрда Өзбекстан Республикасына аталган өлкөнүн президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Алмазбек Атамбаев өзбек элине жана Сенаттын төрагасына көңүл айтып, кат жолдогон.

"Залкар мамлекеттик ишмер, күжүрмөн саясатчы, Өзбекстандын алмаштырылгыс лидери Ислам Каримовдун каза болгонун терең кайгыруу менен кабыл алдым", - деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, мамлекет башчы бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Атада өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышмакчы.

Жалпысынан президентти акыркы сапарга узатууга 17 мамлекеттин делегациясы катышары маалым болду.

"17 өлкөдөн делегациялар келди. Коштошуу зыйнатына баары даяр. Самаркандга Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери, Беларусь, Грузия, Казакстан, Орусиянын жана Кыргыз өлкөсүнүн премьер-министрлери, Кытай, Түштүк Корея жана Украинанын вице-премьерлери келишти", - деп жазган "РИА Новости".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (56)
Atas
2016-09-03 17:06:34
Атамбаевге асылгандар , КЫРГЫЗСТАНДЫ көрө албагандар!?Чагымчылдык.
-2
adilet...97
2016-09-03 17:43:23
Atas,туура. Каримовту узатууга президент барса жакшы болмок, бирок көчмөндөр оюндары да манилүү, Путин, Назарбаев барып анан биздин ажоо калса, ошондо айтсак жарашат. премьерлерден барышат экен, Ушуну дагы минус кылып президентке каршы колдонгондорго тан калам...
+3
gulbadam91
2016-09-03 17:43:33
Эл учун чоголоп мамиле кылса да болмок! Мен Текебаевтин оюна кошулам мындай мумкунчулук саясатта сейрек кездешет ушул нерсенин негизинде мамилесин ондоп алса болмок эки президенттин мамилеси келишпей элге зыян келип жатканы баарыбызга эле маалым го...АША дагы ката кетирип жатат тушунгондорго
-1
adilbars
2016-09-03 18:38:20
Ким келип катышты, ким келбей койду эми Каримовго баары бир. Ал сурактан женил отуп жараткандын ага атаган бейиш жайларынан орун тапсын! Мындай улуу инсан болуп жашап отуш алладан пенделерине да насип кылсын!
-2
skarpion-90
2016-09-03 18:44:31
Кошуна болуп эмне кылып берди Кыргызстанга кармов. Бүгүн көчмөндөр оюунунун ачылышы болдуда ошого барды Атамбаев ал оюнга канчалаган мамлекет келип жатат
0
tokitok
2016-09-03 18:57:45
Кошунасы олсо дер озбектер силерге не кылды эле. Атамбаевде барбай коюга маанилуу причина бар. Буюрса кочмондорду жакшы откоруп алсак экен. Тобой Кыргызстан болуп турка коро албайсынар
-1
Kimbar
2016-09-03 18:59:32
Туугандар АШАны урушпагылачы. Боорум ооруп кетти. Жакшыбы, жаманбы ал биздин эл башчы. 1 жыл чыдасак кетет. Мына убагында Аскар менен Курманбекти деле жаман коргонсунор. Эми аларды мактагандар да жок эмес. Жалан жамандай берсек ким иштегиси келет? Стимул беришибиз керек. Кечеле эле Каримовдун олумун тилеп жаткандар, бугун катуу кайгырып жатканын айтып отурушат. Тируулор баркталмайынча, олуулор данкталбайт. - бассанар, баскыла. Мага алар тууган эмес.
+3
aziziko
2016-09-04 10:51:51
Kimbar,1000000 туура жазгансын .
-3
omurbekFCB
2016-09-03 19:56:34
И.Каримовдун жайы жаннатта болсун оомин!!!
+8
Eliza.janybekova
2016-09-03 20:01:24
Сооронбай мырза тиги 4 жараныбызды чыгара келсе абдан жакшы болмок. Ошончо барганга жараша. Өзбек коңшуларга сабыр тилейбиз☺
+8
Nora
2016-09-04 05:09:55
Arky berkini suilogondo emne, al kishi dagy onoi adam emes ele, Kyrgyzstandy kozgo ilbei, cheg ara problemma boiuncha daalai oiundardy korsotup kete berdi bul kishi,daalai kyrchyn omurlor kyiyldy, daalai baldar jetim kaldy, akyrky ele oiunu 4 kyrgyzdy Ozbekstanga kirgizip ketiship emmi alardyn tagdyry nee bolot kudai bilet, Karimov jatkan jeri jailuu bolsun,kandai bolso da kudai astynda joop bersin!
0
lenovo820
2016-09-05 03:34:09
Negizi karimov katuu kiwi eken. Ozbekterdi "bylk" ettirbei karmadygo. Saiasattagy taasiri kuchtuu bir adam bul duino menen kow aitywyp kete berdi owentip.
+4
lenovo820
2016-09-05 03:36:01
Super info islam karimovdun omur tarjymaly jonundo bir kenenirek maalymat bersener
+3
admin_portal
2016-09-05 17:07:41
Nyrbany.ayim, порталдын эрежелерин сактаңыз! Жеке айтышуулар купуяга! Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Кайталап эреже бузгандагыңыз үчүн 15 күн БАНга!
+3
admin_portal
2016-09-05 17:23:57
Frunze74, жеке айтышуулар купуяга! Эскертүү!
-2
admin_portal
2016-09-05 17:31:03
Palan4a, сайттын башкармалыгын талкууга алууга болбойт, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек! Эскертүү!
-3
admin_portal
2016-09-05 17:52:33
Joomartbek, жеке айтышуулар купуяга! Эскертүү!
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан