Мындан 28 жыл мурун, 1988-жылы 3-сентябрда ырчы Арсен Жумабеков Талас облусунун Көк-Ой айылында туулган. Ал Бишкектеги Финансы техникумун аяктаган. ”Жаңы толкун-2011” Эл аралык сынагына Айбек Замиров менен бирге катышып, 4-орунду ээлеген. Ырчынын хитке айланган ырлары: “Эсимде”, "Бир сендей", "Тагдырың сага жазганда..." жана башкалар.
Ырчы туулган күнүн кандай тосууну пландаганын билүү үчүн анын продюсери Миргүл Эсеналиевага байланыштык.
"Бүгүн Арсендин маанайы жакшы. Учурда тартуу иштери болуп, бошобой жатат. Туулган күнүн бүгүнкү жумуштарга байланыштуу үй-бүлөсү менен да белгилебейт окшойт. Анын үстүнө бардык достору Чолпон-Атага Көчмөндөр оюндарынын ачылышына жөнөп кетишти, эч ким калган жок шаарда. Эми 5-сентябрда белгилөөнү пландап жатабыз", - дейт ырчынын продюсери.
3-сентябрдын жылнаамасы.