Президенттин кызы Алия Шагиева турмушка чыкканын жарыялады

Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева көлдүн жээгинде түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактардын бирине жүктөдү. Сүрөттөрдө Шагиева жалгыз эмес.

"Акыры эс алууга чыктык, 2 күнгө болсо дагы. Бул жайкысын жөн гана эс алып жаткан күндөрүмдүн бири. Иштен тышкаркы нерселерди сүйлөшүү, дем алуу, сейилдөө. Эң сонун", - деп жазылган сүрөттүн төмөн жагында.

"Негизи, мага түгөйлөрдүн эзилишкен сүрөттөрү жакпайт. Ошондуктан Костя экөөбүздүн чогуу жүргөн 4 жыл ичинде бирге түшкөн сүрөттөрүбүз жок болчу. Анан да жеке жашоом тууралуу элге жарыялагым келбейт. Бирок бүгүн ал жерде туруп, жылмайып эң жакшы күндү сүрөткө тартуу өзгөчө жагымдуу болду. Жылуу жел. Биз эми жубайларбыз, куттуктоолорду кабыл алууга даярмын", - дейт Шагиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (91)
Millioner.
2016-09-04 03:01:33
Түй атаа мен алам деп жүрсөм паадышанын кызын.эххх жетпей калган турбаймынбы?дагы башка кызы барбы?билгендер айткыла,ошонусун мен алам.Костя экөөбүз бажа болобуз.
-7
orun
2016-09-04 03:50:15
Кыргыз элим кайда баратабыз дегенге аргасыз болот экенсин, тиги президенттин кызынын .... чала корсотуп отурганын коруп. Калганы кайда барсын анан...
-5
jusupova
2016-09-04 04:52:05
Жон эле ар кайсы кепти айтпай эки жашка бакыт тилейли! Кимдин кызы болсо дагы бактылуу болушсун!!! Бул жерде президенттин кызы дебей эле коюш керек, Алия дагы биздей эле адам, ар бир атуулубуз бактылуу болушсун!
+6
Mercedes202
2016-09-04 08:27:22
Бактылуу болгула!!!
+5
Mervi
2016-09-04 12:18:16
Татынакай кыз экен. Бактылуу болушсун. Чириген ооздон ириген соз чыгат дечу беле, атасы жакпаса кызында эмне куноо.
+4
aiman1983
2016-09-04 13:07:24
Эмнеге фамилиясы Шагиева, Атамбаева эмес.
-2
Umnitsa
2016-09-04 16:50:38
aiman1983, Менин деле атам экообуздун фамилиябыз окшош эмес, ошондой эле нерсе да
+3
REBUS
2016-09-04 17:35:19
Бактылуу бол, Алия!
+2
REBUS
2016-09-04 18:14:34
Осоор элдин баласы бири бирин Баатыр дейт,
Очоор элдин баласы бири бирин Капыр дейт!!!!
(Жаны эле Кырчындагы айтыштан уктум)
+4
zolotay
2016-09-04 19:01:05
REBUS,+10000000000000
Абдан маанилуу соз тушунгондорго!!
Бизда Айтыш коруп жыргап отурабыз))
+2
aziziko
2016-09-05 18:22:54
REBUS, 100000000000000000 кошулам
-2
frunze777
2016-09-05 18:29:59
REBUS, орусту да каапыр дебей баатыр дешет бекен?!
+6
Aitunuk
2016-09-04 19:26:47
Алия менен Константинге бакыт каалайм. Ал эми сүрөттөрүн өзү сайттарга жүктөгөн эмес, жеке баракчасынан башкалар алып жарыялаган экен. Костя Питердеги бай бизнесмендин уулу деген маалымат жүрөт. Ар бир адамдын кубанычына ортоктош боло билсеңер, жаалданып эле негативдерди жаза бербей. Нике кайып дечү беле, демек биздин эмес, Кудайдын буйругу.
+1
Ananai
2016-09-04 22:13:14
Бактылуу болуп бай болуп кетищсин ылайым оомин!
-2
kalima88
2016-09-05 03:08:20
Билдируу жазбаган мен эле окшойм)))
Бактылуу болушсун!
-1
ICHOMTAY
2016-09-05 08:30:31
Тенинди сактаим десен кызынды тарбияла! Деп эмнеге аитылган? А улутунду сактаим десен уулунду тарбияла деит! Андыктан эми ишенер биздин уул балдарыбыз аман бололу! Кантседа кыргызды кобоитолу
+1
AKCAHAT
2016-09-05 14:16:19
Бактылуу болгула! Анын куноосу президенттин кызы болуп калганындабы? Атасы учун балдары жооп бербейт.Алия оз жашоосуна оз тагдырына озу жоопкер кимге тиет ким мн жашайт озунун жеке тандоосу.
-2
admin_portal
2016-09-05 16:30:15
aziziko, жеке билдирүүлөр купуяга!
+2
admin_portal
2016-09-05 17:13:17
Sharos3, жеке билдирүүлөр купуяга! Эскертүү!
-3
portugalia
2016-09-06 09:46:27
Бактылуу болгула! Элге чон той берип жарыялагандан коро тынч эле баш кошушканы жакты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан