Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун сөөгү Шахи-Зинда көрүстөнүнө бүгүн коюлду. Бул тууралуу "РИА Новости" басылмасы жазды.
Коштошуу зыйнаты түштөн кийин Регистан аянтындагы "Тилля Кори" мечитинде өттү. Бул жерден муфтий Усмонхон Алимов жаназасын окуду. Андан соң Каримовдун сөөгү 21 метрлик кепинге оролуп, Шахи-Зинда көрүстөнүнө апасынын жана 2 бир тууганынын жанына коюлганы маалым болду.
Маркумдун сөөгүн көрүстөнгө мусулмандардын салты боюнча туугандары жана жакындары алып барышты. Регистандан көрүстөнгө чейин 2 чакырым. Акыркы 20 жылда Шахи-Зинда көрүстөнүнө эч ким коюлган эмес.