II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземине келгендерди үйрөтүлгөн иттер менен текшерип киргизишүүдө. Коомчулуктун коопсуздугун камсыздоо үчүн 6 миңге жакын күч кызматкерлери тартылган. Алар ар бир унааны, көрүүчүнү атайын аппараттар менен текшерүүгө алышууда.
Белгилей кетсек, коопсуздукту камсыздоого милиция кызматкерлеринен тышкары атайын багыттагы күч органдары жана аскерлер да тартылган. Мындан сырткары Өрт өчүрүү, "Тез жардам" кызматтары ачылуу аземинин жүрүшүн көзөмөлдөп жатышат.
Салтанаттын башталышына саналуу мүнөттөр калды. Учурда 13 миң кишиге ылайыкташкан ат майданынын 80 пайызы толду.