II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышынан кийин ипподром таштандыга толду. Атайын таштандылар үчүн челектер орнотулганы менен, көрүүчүлөр орундуктарга суусундуктардын идиштерин, баштык, кагаздарды таштап кетишкен. Аларды түнү менен "Тазалык" кызматы тазалап чыкканы маалым болду.
Аземден чыккан элди автобустар жакынкы аймактарга бекер жеткиришти. Жолдо узундугу 1 чакырымдай унаа тыгыны жаралып, айдоочулар тыгында 30 мүнөттөй туруп калышты. Жол тыгынын ондогон патрулдук милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатышты. Айрым милиция кызматкерлеринин унаалары да тыгында калган.