Чолпон-Ата шаарындагы көл жээгиндеги таштандылар жерди ижарага алгандар мэрия менен келишим түзүшкөндө гана тазаланат

Чолпон-Ата шаарындагы көл жээгиндеги таштандылар ижарага алгандар мэрия менен келишим түзүшкөндө гана тазаланат. Бул тууралуу Коммуналдык чарба мекемесинин кызматкери Каныбек Бекжанов билдирди.

"Шаардын көл жээктери ижарага жеке ишкерлерге берилген. Алар өз кезегинде тазалыгына жооп берип, көзөмөлдөшү керек. Таштандыларды же өздөрү тазалашы керек, же шаардын мэриясы менен келишим түзүшү керек. Мэрия менен келишим түзүлгөндө гана "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу" мекемесинин кызматкерлери тазалыгын камсыздап турушат. Биринчи кезекте атайын таштанды салына турган челектер орнотулмак, андан соң тазалоочу кызматкерлер белгиленген убакта тазалап турушмак", - деди Бекжанов.

Ошондой эле "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу" мекемесинен көл жээгинде ар дайым ишембилик өткөрүлүп турарын кошумчалашты.

Эскерте кетсек, окурман 2-сентябрда көл жээгиндеги таштандылар тууралуу кабар жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Neymarf
2016-09-04 15:22:45
Чындыгында Чолпон Ата шаарынын корктондуруу жана жашылдандыруу мекемеси жакшы иштейт, шаар ар-дайым таза, кызматкерлердин алган айлык акысы аз, бирок уй-булоосун багалы деп элдин кызматында иштешет, сиздерге чон ыраазычылык!
+2
nurka_85
2016-09-04 16:21:55
Келишимди мерия тузуш керек да ишкерлер эмес.Милдеттуу турдо керек болсо шаардын тазалыгы учун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан