Кырчын жайлоосуна кеткен жолдо 1 унаанын бузулганына байланыштуу узундугу 1 чакырымдан ашкан унаа тыгыны пайда болду. Жайлоого бараткандар 1 сааттан ашуун убак жолдо турушту. Милиция кызматкерлери абалды колго алып, унаалардын жүрүшүн иретке келтиришти. Жайлоого жергиликтүү тургундардын арасынан жөө бараткандар бар. Коопсуздукту камсыздоо максатында күч кызматкерлери жүрүшөт, унаалар текшерилген жок.
Эскерте кетсек, бүгүн, 4-сентябрда Кырчын жайлоосунда улуттук оюндар орун алат.