"Үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз" делип 76 жаштагы аял изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KG порталына анын небере келини Алина Асангулова билдирди.
"Какен Ашымова 4-сентябрь күнү таң эрте Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Көк-Жар айылындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Ошол күнү кочкул кызыл түстөгү көйнөк, оймо түшүрүлгөн чыптама кийип жүргөн. Акыркы кездерде эске тутуусу начарлап жаткан. Көрүп-билгендер болсо, 0550 26-06-87 телефон номуруна чалып кабарлап койсоңуздар", - деди Асангулова.