SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Москвадагы өрт. Юрий Лугвин Көчмөндөр оюндарына келди" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Москва шаарындагы 17 адам өмүрүн алган каргашалуу окуяда адамдарды сактап калууга катышкан Юрий Лугвин Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кадырлуу конок катары чакырылган. Видеодо Лугвин Москвадагы өрт, Көчмөндөр оюндарына чакырылганы, Кыргыз жеринен алган сезимдери тууралуу айтып бергени көрсөтүлөт.
"Мени абдан жакшы тосуп алышты, даамдуу тамактар менен сыйлашты. Чынында, мени ушундай жогорку деңгээлде тосуп алышат деп ойлогон эмесмин. Ал эми оюндардын ачылыш аземиндеги шоу мыкты көрсөтүү болду. Сөз менен баарын айтып берүү мүмкүн эмес", - деп билдирген Ю.Лугвин.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.