Үңкүр-Тоодогу абал өзгөрүүсүз, 4 кыргыз жараны кайтарыла элек

Үңкүр-Тоодогу абал өзгөрүүсүз, 4 кыргыз жараны кайтарыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Үңкүр-Тоодогу абал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр Өзбекстандагы 3 күндүк аза күтүүгө байланыштуу токтотулган. Аза күтүү бүтөрү менен сүйлөшүүлөр жанданат. Азырынча Үңкүр-Тоодогу абал өзгөрүүсүз, 4 кыргыз жараны кайтарыла элек”, - дейт Мамлекеттик чек ара кызматынын Маалыматты камсыздоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Сажира Чоколоева.

Ошондой эле ал “өзбек тарап түнкү жарык берүүчү жабдууларды орнотуп жатат” деген маалымат боюнча буларга токтолду: “Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Түнкү жарык берүүчү жабдуулар мурда эле бар болчу”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
take220281
2016-09-05 17:00:03
Премьер сүйлөшүүлөр отдуши өттү дебеди беле?
+1
frunze777
2016-09-05 17:07:31
take220281, ордоктору коп окшойт, созу отсо эч болбосо тиги 4 мекендешибизди кайтарып беришмек озбектер...
+5
Rifle_S
2016-09-05 20:47:01
Эмненин негизинде алатопулар Үңкүр тоо биздики деп жатат ? Чыга турган жол биз жакта, илгери эле кыргыздар чыгып келген. Алатопулар жагы аска , чыгалбайт адам.
+1
frunze777
2016-09-05 17:10:08
Озбектер качан тунку жарык орнотуп улгурду экен эле мурун Ункур-Тоо биздин колдо турганда?!.. Бул кетиште биздин бийлик жакында "Ункур-Тоо илгертен эле озбектердики, анда Каримовдун дачасы болгон" деп чыгат эми...
+6
nurik903
2016-09-05 17:21:29
баш көтөрө баштады өзбектер
-1
Rifle_S
2016-09-05 20:44:43
2018-жыл жакын калды.
0
Talantmarsel
2016-09-05 17:34:09
3 ай ичи түбөлүктүү кылып чечип коюш керек чек араны ошту борбор шаар кылыш керек
+3
alibekova94
2016-09-05 17:47:16
Ункур тоону демек илгерттен эле ээлеп алган экен да. Ушуну чечалбаса эмнесине бийлик булар ?
+4
kapriznaialadyy
2016-09-05 18:10:46
Биздин чондор тойлоп журсо каяктан бошотуп алышмак эле.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан