Ысык-Көл облусундагы мектептерде коопсуздук эрежелери толук сакталган эмес

Ысык-Көл облусундагы мектептерде коопсуздук эрежелери толук сакталган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы окуу жылына карата өлкө аймагында мектепке чейинки жана орто мектептердин техникалык коопсуздук абалы текшерилип жатат. Ага ылайык, жер-жерлерде мектептердин өрткө каршы сактануучу шаймандары текшерилип, кокус өрт чыккан маалда сактануунун жолдору кандай болушу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Учурда Ысык-Көл облусунда мектептер текшерилүүдө. Көпчүлүк мектептерде коопсуздук эрежелери толук сакталган эмес. Мектептердеги жана бала бакчалардагы коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн тийиштүү тармактарга бир ай мөөнөт берилди", - деп айтылат Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан